2026-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагындагы өкүлдөрүнүн кварталдык жумушчу жыйыны өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда 2026–2027-жылдардагы вегетация мезгилинде суу-энергетикалык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу маселелери талкууланды. Тараптар өз ара координацияны күчөтүүгө жана кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.
Өзгөчө Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн сактоо боюнча биргелешип иш алып барууга макулдашты.
Жыйындын жыйынтыгында энергетикалык системаларды туруктуу режимде иштетүү, жүктөмдөрдү тең салмактоо жана аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча орток чечимдер кабыл алынды.
Кийинки жолугушуулар май айында Ташкентте, июнь айында Бишкекте өтөт.