Ысык-Көлдөн 22 миң метрден ашык мыйзамсыз тор чыгарылды
Новость

Өткөн жуманын жыйынтыгы менен Ысык-Көлдөн 22 миң 100 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор алынды.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, тазалоо иштерин туристтик-экологиялык милиция жүргүзүп, торлор көлдүн түбүнөн жана жээк аймактарынан чыгарылган.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар арасында экологияны сактоо боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.