Кыргыз балетинин жылдыздары эл аралык “арабеск” конкурсунда ийгилик жаратты
Новость

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери “Арабеск”конкурсу XIX Ачык россиялык конкурсунда байгелүү сыйлыктарга ээ болушту.

Анда кыргыз балетинин өсүп келе жаткан жылдызы Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат наамына ээ болсо, Даяна Кыдыралиева престиждүү сынактын дипломун жеңип алды.

Аталган конкурс Пермь шаарында 15–25-апрель күндөрү өтүп, пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Бул жылы сынакка дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 354 катышуучу арыз берип, Россиянын 26 шаарынан жана бир катар чет мамлекеттерден келген артисттер катышты.

 Эскерте кетсек, “Арабеск” конкурсу 1988-жылдан бери дүйнөдөгү эң абройлуу балет сынактарынын бири болуп саналат. Анын негизги максаты — жаңы ысымдарды ачуу, жаш артисттерге эл аралык сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк берүү, классикалык балет мурасын сактоо жана заманбап хореографияны өнүктүрүү.