Бүгүн, 27-апрелде Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов Мамлекет башчысына өткөн аптада өткөрүлгөн кыргыз-америкалык саясий консультациялардын жыйынтыктары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Садыр Жапаров кыргыз-америкалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, эки тараптуу күн тартибинин негизги артыкчылыктарын, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана социалдык-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүнү белгиледи.
Мамлекет башчысы Элчиге Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров ошондой эле Эдил Байсаловго Кыргыз Республикасынын Президентинин Эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жогорку дипломатиялык рангын ыйгарды.
