1-майдан 10-майга чейин майрам күндөрүнө байланыштуу өлкөдөгү бейтапканалар менен ооруканаларда дарыгерлер нөөмөттө иштешет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эс алуу күндөрү медициналык мекемелер атайын түзүлгөн графиктин негизинде кызмат көрсөтөт. Жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулуп, бейтаптарга үзгүлтүксүз жардам берилет.
Ооруканаларда тез жардам кызматы күнү-түнү иштеп, шашылыш медициналык жардамга муктаж жарандарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттер даярдалат. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык каражаттардын жана кан компоненттеринин жетиштүү запасы камсыз кылынат.
Амбулатордук деңгээлде, тактап айтканда үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана дарыгердик практика борборлорунда 1-майдан 10-майга чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөт уюштурулат. Процедуралык кабинеттер саат 14:00гө чейин иштейт.