Кыргызстан 60тан ашык айыл чарба продукциясын дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттоп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–декабрь айларында жалпы экспорттун көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын үлүшү 13,3% түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүп, анда 8,8% болгон.
Экспорттун негизги бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келип, анын көлөмү 17,1 млрд сомду же 51%ды түздү.
Атап айтканда:
— Россияга 7,8 млрд сомго эт-сүт продукциялары, жашылчалар жана мөмө-жемиштер экспорттолгон;
— Казакстанга 7,8 млрд сомго жашылча-жемиш, тоок эти жана сүт азыктары жеткирилген;
— Беларусь Республикасына 1,5 млрд сомго эт-сүт азыктары, тоют жана макарон экспорттолгон;
— Арменияга 13 млн сомго жашылчалар, жаңгактар жана эт продукциялары жөнөтүлгөн.
Бул көрсөткүчтөр өлкөдө айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы экспорттун туруктуу өсүп жатканын айгинелейт. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү бойдон калууда.