Нурдан Орунтаев “Баластан” борборунун курулушунун учурдагы этабы менен таанышты
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлордун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алардын бири - “Баластан” балдар оюн-зоок борбору. Аталган объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин болжол менен 45-50 пайызы аяктады.

Министр объекттеги иштердин жүрүшүн жеринде көрүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.

Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн бул комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маданий жана экономикалык борборлорунун бири болот. Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат.

Объекттин ишке кириши менен 200дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлөт.