Президент Садыр Жапаров жана Того Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе “Ала-Арча” паркындагы этномаданий программага катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе 28-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программага катышышты.

Меймандарды төкмө акындар жана улуттук зоот кийимчен баатырлар тосуп алышты.

Иш-чаранын алкагында того делегациясына кыргыз элинин бай материалдык жана руханий мурасын чагылдырган “Кыргыз айылы” көргөзмө комплекси көрсөтүлдү.

Көргөзмөдө кол өнөрчүлүк жана зергерчилик буюмдар, салттуу музыкалык аспаптар, согуштук жана аңчылык куралдардын үлгүлөрү, ошондой эле көчмөн турмушка тиешелүү буюмдар коюлган.

Ошондой эле коноктордун көңүлүн аң улоочу иттердин кыргыздарга таандык тайган тукуму, алгыр бүркүттөр жана салттуу кийиз килем-шырдактар бурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Фор Эссозимна Гнассингбеге кыргыз улуттук музыкалык аспабы — комузду белекке берип, аны улуттук суусундуктар менен сыйлады.

Маданий программа “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу менен улантылып, андан соң “Кайбар”, “Шаттык” жана “Акмарал” элдик-фольклордук ансамблдери кыргыз эл жана дүйнөлүк музыкалык чыгармаларды, ошондой эле улуттук бийлерди тартуулашты.

Белгилей кетсек, Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.