Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, санариптештирүү, саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жана финансы сектору сыяктуу тармактардагы өнөктөштүккө өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашышты, ошондой эле эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн БУУ, ИКУ жана Африка Биримдигинин алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө берилгендигин ырасташты.
Садыр Жапаров Фор Эссозимна Гнассингбени тосуп алып, ал Кыргызстанга Африка континентинен расмий сапар менен келген эң алгачкы мамлекет башчысы экенин белгилеп, бул иш-чаралар саясий диалогду бекемдөө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бекем негиз болот деген ишенимин билдирди.
“Кыргызстан Африка континентиндеги өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүүгө чоң маани берет.
Того Африканын батыш аймагында кадыр-баркка ээ жана аймактык уюмдардын активдүү мүчөсү болуп, коңшу жана дүйнөнүн ири өлкөлөрү менен активдүү саясий жана соода-экономикалык кызматташууну жүргүзүүдө”, - деди Президент Садыр Жапаров.
Бул контекстте ал Кыргызстан Африкадагы келечектүү өнөктөш катары Того менен бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигине токтолду.
“Бүгүн биз бир катар маанилүү келишимдерге кол коюп, кыргыз-того кызматташуусун жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарабыз деп ишенем”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Өз кезегинде, Фор Эссозимна Гнассингбе бул сапар эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы этапты белгилегенин жана Тогонун өз ара пайдалуу жана бекем өнөктөштүккө кызыкдар экендигин айтты.
Ал Того менен Кыргызстандын географиялык жактан алыс жайгашкандыгына карабастан, эки өлкөнүн артыкчылыктары окшош экенин баса белгиледи.
“Бүгүн биз кол койгон келишимдер биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин келечектеги өнүгүүсүнө негиз түзгөн маанилүү тармактарды камтыйт.
Бул келишимдер чек эмес, биз үчүн бул башталышы гана. Эми биздин милдетибиз аларды тутумдуу жана ырааттуу түрдө ишке ашыруу”, - деп жыйынтыктады Тогонун Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада айтылган сунуштарды жүзөгө ашырууга киришүүгө жана эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын тартууга макулдашышты.



