"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылгандыгы тууралуу маалымдайт.
Гоголь көчөсү Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2026-жылга пландалган жол оңдоо иштерине даярдык көрүүнүн алкагында асфальт-бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү жана оңдоо иштери каралган.
Жол иштерин сапаттуу жүргүзүү жана шаардык инженердик инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жер алдындагы коммуникациялар текшерүүдөн өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүндөгү №127 турак жайдын ортосунда 1980-жылы пайдаланууга берилген жылуулук түйүнү (2Ду150 мм — 108 м жана 2Ду125 мм — 106 м) жайгашканы аныкталган. Бул тилке техникалык жактан канааттандырарлык эмес абалда болуп, алмаштырууга муктаж.
Буга байланыштуу 2026-жылдын 30-апрелинен тарта Гоголь көчөсү Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө автоунаалардын кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Чектөө жылуулук түйүнүн алмаштыруу боюнча пландуу жер казуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилет, бул иштер жаңы асфальт төшөө башталганга чейин аткарылат.
Жүргүзүлүп жаткан иштер авариялык кырдаалдардын алдын алууга, керектөөчүлөрдү туруктуу жылуулук менен камсыз кылууга жана шаардык инженердик тармактардын коопсуз иштешин жогорулатууга багытталган.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырып алууну суранат.