Таласта 100 гектар аянтка көчөт отургузулду
Новость

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган «Жашыл Мурас» улуттук компаниясынын алкагында Талас облусунда 100 гектар аянтка 88 миң  даана ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. 

Бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аянттарды көбөйтүүгө жана келечек муунга таза экологиялык мурас калтырууга багытталган.

Көчөт отургузуу акциясына облустагы бардык мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер катышты.

Көчөт отургузулган аймак толугу менен курчоого алынып, көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү көзөмөлгө алынат.

Белгилей кетсек, быйыл Талас облусунда 9 миллионго жакын бак-дарак отургузуу пландалууда.