Өзгөн районунун Кара-Тарык айылындагы 150 орундуу Т. Жоробеков атындагы мектептин курулушу аяктады. Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109,5 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.
Башкы планга ылайык, жаңы мектептин жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери жана спорт залы каралган. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш-монтаждоо иштерин «Улар Транс» ЖЧКсы аткарып, курулуштун ар бир этабы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.
Долбоорду ишке ашыруунун негизги максаты - аймактын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган.




