Талас ОИИБде май майрамдарына карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү
Новость

Бүгүн 30-апрелде Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында май айынын биринчи декадасындагы майрам күндөрүнө  карата гарнизондук саптык кароо болуп өттү. 

Гарнизондук саптык кароого Талас ОИИБдин башчысы Бактыбек Нарчаев,  Талас ШИИБдин, Талас облустук ЖКККБнын, ИИМдин тез чара көрүүчү атайын отрядынын Талас облусу боюнча тез чара көрүүчү отряды, ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курамы катышты. Ошондой эле аталган бөлүмдөрдүн кызматтык автоунаалары тартылды.

2026-жылдын май айынын биринчи декадасында белгилене турган майрамдарга арналган иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо,  кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле өздүк курам арасында мыйзам бузууларга жол бербөө, кызматтык тартипти сактоо боюнча күчөтүлгөн багытта иштөөнү тапшырды. 

Мындан сырткары кызматтык автоунааларды текшерүүдө аныкталган бир катар кемчиликтерди тез аранын ичинде калыбына келтирүүнү тапшырды. Соңунда өздүк курам жана кызматтык автоунаалар саптык жүрүштөн өтүштү.

Белгилей кетсек майрам күндөрү  Талас  милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат.