Элзат Макенов деген ат менен өзүн тааныштырып, ишкана-мекемелерге УТРКнын атынан репортаж даярдоо боюнча чалып жаткан адам тууралуу Улуттук каналга кайрылуулар түшүүдө. Ал кызматтык күбөлүк катары ушул сүрөттү көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, УТРКда мындай кызматкер иштебейт жана биздин кызматкерлерге мындай үлгүдөгү кызматтык күбөлүк берилбейт. Бул документ жасалма.
Эгер УТРКнын атынан материал тартуу жана даярдоо боюнча күмөндүү кайрылуулар болсо, төмөнкү телефондор аркылуу тактап алууну өтүнөбүз: 0 312 392059