УТРКнын ардагери Молдожан Токтогулов дүйнө салды
Новость

 Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын сыймыктуу ардагери, сүрөтчү Молдожан Токтогулов оорудан улам акка моюн сунду.

Молдожан Токтогулов айтылуу Токтогул Сатылгановдун небереси. Алгач Аламүдүн районундагы маданият үйүндө сүрөтчү-жасалгалоочу болуп иштеп, УТРКга 1985-жылы кызматка кирген. 30 жылдан ашык эмгектенип, чыгармачылык жолун телевидениеге арнаган.

М.Токтогулов ондогон маданий-музыкалык көрсөтүүлөрдү жогорку деңгээлде даярдоого катышып, улуттук дөөлөттөрдү даңазалаган берүүлөрдүн, адабий кечелердин элдик долбоорлорго айланышына сүрөтчү-жасалгалоочу катары өзгөчө салым кошкон.

Ал телеберүүлөрдү жасалгалоодо өзүнүн өзгөчө стили жана устаттык мектеби менен эсте калды. М.Токтогуловдун адамгерчилик сапаттары, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси кесиптештерине үлгү, жаштарга сабак болуп калды.

Оор жоготууга байланыштуу УТРКнын жетекчилиги жана жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, кайрат тилейт.