“Ак Санат” ансамбли түзүлдү
Новость

Манас шаарында маданият өкүлдөрүнүн ыктыярдуу демилгеси менен “Ак Санат” музыкалык ансамбли түзүлүп, чыгармачылык ишмердүүлүгүн баштады.

Ансамблдин аталышы “ак” - тазалык, ыйыктык жана “санат” - өнөр түшүнүктөрүн айкалыштырып, улуттук маданиятты нукура формада даңазалоону билдирет.

Жаңы топ улуттук-фольклордук жана эстрадалык музыканы айкалыштырып, кыргыз күүлөрүн, элдик ырларды жана заманбап чыгармаларды аткарат. Репертуарында лирикалык, атуулдук жана дүйнөлүк чыгармалар да бар.

Музыкалык аспаптардын катарында комуз, кыл кыяк, чоор, флейта, добулбас, ооз комуз сыяктуу улуттук аспаптар менен катар заманбап инструменттер колдонулат.

Ансамблдин негизги максаты - кыргыз маданиятын сактоо, жайылтуу жана жаш муунга жеткирүү. “Ак Санат” мындан ары концерттерге, маданий иш-чараларга жана фестивалдарга активдүү катышып, кыргыз өнөрүн өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде таанытууну көздөйт.

Ансамблдин дирижёру тажрыйбалуу, дасыккан музыкант Абдурасул Сабирбаев өзү сыбызгы, флейта, чогойно чоор, чопо чоор, темир комузда ойнойт. Ал эми топтун курамында профессионал музыканттар: КР эмгек сиңирген артисти Дүйшөн Молдобаев плектерде, бас комузда, ошондой эле өз кесибинин чеберлери Бакыт Сооронбаев бас гитарада, комузчулар Мирлан Өмүрзаков, Кызжибек Султанова, Талант Абдымаликовдор, аккордеон, синтезатордо Элдияр Уметов, прима кыяк, кыл кыяк, комуз, темир комузда Назгүл Казакова, добулбас, урма аспаптарда Сыргабек Тилебай уулу, Таалайбек Маматов сыбызгы, кларнетте ойносо, солисттер Айжамал Абдулкеримова, Лунарбек Миңбаев, Айбийке Кудайбердиевалар эмгектенип жатышат.