Май майрамдарына карата облустук, райондук жана шаардык ички иштер органдары күчөтүлгөн режимде кызматта болушат. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдирип, коомдук коопсуздукту сактоого 400дөй милиция кызматкерлери тартылганын кошумчалады.
Маалымат боюнча, саптык кароо өткөрүлүп, өздүк курамдын даярдыгы текшерилди. Анда башкармалыктын жетекчилиги коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын коопсуздугун сактоо жана укук бузууларды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырды.
“Майрам күндөрү Нарын милициясы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт.Жол кыймылынын коопсуздугу, майрам күндөргө байланыштуу ичтен жана сырттан келген эс алуучулар көп болгондуктан эс алуучу жайлар, анда жүргөн жарандардын коопсузду да көзөмөлдө болот”, -деди ал.


