Эмгекчилер укугу кандай корголууда?
Новость

КР Кесип бирликтер федерациясынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан эмгекчилердин укугун коргоо боюнча  алгылыктуу иштер жүрүүдө. Өкүлчүлүктүн жетекчиси Эмилбек Алымкулов билдиргендей, жыл башынан бери эмгек укуктарына байланышкан алты кайрылуу түшкөн. Алар убагында териштирилип, жооптор берилген.

Кайрылуулар негизинен эмгек акылардын, эмгек өргүүгө чыккандардын айлыктарынын төлөнүшү жана декреттик өргүү орунда иштегендердин маяналары боюнча болот. 

“Учурда 438 баштапкы уюм болсо, анын 16 миң 800 мүчөсү бар. Профсоюз эмгекчилердин укугун  жана кызыкчылыгын коргой турган уюм болгондуктан  ар бир  мекеме- ишканага мониторинг жүргүзүп, андагы баштапкы уюмдарынын ишин текшерип турабыз. Буга чейин 169 баштапкы уюмга мониторинг жүргүзүп жамааттык келишимдерди, социалдык өнөктөштүк программа менен иш алып баруусун карап, кеңештерди берип окууларды өттүк.  Себеби өндүрүштө, курулуштарда ар кандай кырсык катталган учурда профсоюз уюму тарабынан комиссия түзүлүп иликтениши керек. Реформа алкагында “эмгек инспектору” деген штат ачылган. Алар кайрылууга  мыйзам чегинде жооп беришет. Сотко чейин барган учурлар дагы бар”, -деди Эмилбек Алымкулов. 

Белгилей кетсек, өткөн жылы  уюмга 51 кайрылуу  түшүп, анын баарына мыйзам чегинде канааттандыраарлык жооптор берилген.