Аба каттамына эки айлык акция жарыяланды
Новость


 “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамынын баасына эки айлык акция жарыялады. Ага ылайык, 1-майдан 31-июлга чейин бир тараптуу каттамдын баасы 1000 сом өлчөмүндө белгиленген.

“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому башкармалыгынан билдиришкендей, бул демилге аймактык байланышты өнүктүрүүгө, ички туризмди колдоого жана өлкөнүн алыскы аймактарында транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Ошондой эле Нарын уникалдуу жаратылыш потенциалына ээ болгондуктан мындай демилгелер жарандарды аймакка тартууга жакшы мүмкүндүк берет.

Нарын районунун Кеңеш айылындагы "Нарын" аэропорту өткөн жылы 8-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. 
Совет мезгилинде алыскы аймактар үчүн негизги транспорттук түйүн болгон “Нарын” аэропортунун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.

Аэропорт толук реконструкциядан өтүп, 500 чарчы метрди түзгөн аэровокзал жаңы салынып ичинде бардык шарттар түзүлдү. Ошондой эле учуп-конуу тилкеси толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлгөн. Аэропорт реконструкциядан өткөндөн кийин “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын учагы  өткөн жылы 4-сентябрында алгачкы  рейсин аткарып, жүргүнчүлөрдү алып келген.