Нарындан жүн жана тыбыт экспорттоло баштайт
Новость

Нарында койдун жүнүн жана топоздун тыбытын  экспорттой турган “Теңир-Тоо Экспорт”  деп аталган компания ачылды.

Маалыматка таянсак, аталган компания койдун жүнүн, топоздун тыбытын жана башка мал чарбасынан алынган чийки заттарды кабыл алып, экспортко жөнөтүү ишин баштады. Долбоордун ишке ашуусу менен акыркы жылдары  пайдаланылбай же баа болбой талаага ташталып калган жүндөрдү кайрадан иштетүүгө жана калктан сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Учурда жүн кабыл алуу иштери башталып, баалар сапатына жараша болууда.  Маселен, кара жүндүн килосу 15 сомдон жогору, ак жүн 40 сомдон өйдө, ал эми топоздун тыбыты 200 сомдон жогору бааланууда.