Фестивалдын өзгөчө маанилүү бөлүктөрүнүн бири — Create4Design фестивалынын алкагында бир ай бою өткөрүлгөн өнөктөштөрдүн конкурстарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземи болду. Ага дизайнерлер коомчулугу үчүн реалдуу креативдүү тапшырмаларды сунуштаган 10 компания катышты.
Катышуучуларга мерч концепцияларын, интерьердик чечимдерди, комикстерди, принттерди, визуалдык материалдарды жана креатив менен бизнестин кесилишиндеги башка прикладдык продукттарды иштеп чыгуу тапшырмалары берилди. Бул формат жаш адистерге чыныгы брифтер менен иштөөгө, өз идеяларын потенциалдуу кардарларга сунуштоого жана профессионалдык жактан таанылууга мүмкүнчүлүк түздү.
Компаниялар үчүн бул — өз тапшырмаларына жаңы көз караш менен кароо мүмкүнчүлүгү болсо, катышуучулар үчүн — өздөрүн көрсөтүү, портфолиосун толуктоо жана жаңы кызматташууларга алгачкы кадам жасоо мүмкүнчүлүгү болду.
Креативдүү индустриялар паркынын директору Канышай Мамытова:
«Креативдүү экономика өзүнөн өзү пайда болбойт — аны идеялардын күчүнө ишенген адамдар жана ошол идеяларга негиз түзгөн институттар калыптандырат. Create4 сыяктуу фестивалдар дал ошол идеялар жаралган, бириккен жана формага ээ болгон аянтчага айланат. Ал эми биз, КПИде, креаторлор үчүн эшиктерди ачып, талантты кесипке, ал эми кесипти өсүп жаткан индустриянын бир бөлүгүнө айлантууга жардам беребиз», — деп белгиледи.
Фестивалдын жыйынтыгында хедлайнер — Voskhod For Peace компаниясынын бренд-дизайн директору Владислав Деревянных сөз сүйлөдү. Ал “PostDigital — дизайн “Generate” баскычынан кийинки дизайн” аталышындагы лекциясын сунуштады. Бул сессия күндүн негизги темасын жыйынтыктады: жасалма интеллект куралга айланып жатат, бирок маани, стратегия жана маданий контекст дагы деле адам тарабынан түзүлөт.
Create4Design AI доорунда жөн гана фестиваль эмес, диалог, шыктануу жана жаңы байланыштар үчүн мейкиндикке айланды. Бул жерде идеялар жаралып, жаңы тааныштар түзүлүп, келечектеги коллаборациялар башталып, Кыргызстандагы креативдүү экономиканын жаңы шарттарда кантип өнүгө алары тууралуу түшүнүк калыптанды.
Create4 дагы бир жолу өлкөнүн креативдүү коомчулугун бириктирген жана келечек индустриясынын өнүгүү күн тартибин түзгөн ири платформа экенин тастыктады.
Креативдүү индустриялар фестивалы Create4 — Кыргызстанда ПРООН (@undpkg) жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы тарабынан 2022-жылы демилгеленген, креативдүү экономика менен креаторлор коомчулугун өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу аянтча.
Create4Design AI доорундагы расмий өнөктөштөрү: Креативдүү индустриялар паркы, ololo компаниялар тобу жана Namba Media жарнама агенттиги (@nambamedia).





