Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түп жана Ысык-Көл райондорунда болуп, Ысык-Көл жээгин жана көл түбүн тазалоо акциясына катышты.
Иш-чарага депутаттар жана жаштар да кошулуп, жээктеги жана суу алдындагы таштандылар, айрыкча синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды.
Төрага көлдүн экосистемасына мындай калдыктар чоң зыян келтирип жатканын белгилеп, жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле суу объекттерин коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганы маалым болду.



