Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундары менен жолугушууларды өткөрүүнү пландоодо. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында уюштурулуп жатканын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой иш-чаралар шаардын бардык райондорунда ачык форматта өткөрүлөт. Анда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши боюнча маселелер талкууланат. Жашоочулар калаа башчысы менен түз байланышта болуп, чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды бере алышат.
Жолугушуулардын графиги:
Свердлов району
11-май күнү саат 16:00дө жолугушуу Кыргыз-Орус Славян университетинде өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 44.
12-май күнү саат 16:00дө Ч.Айтматов атындагы лицейде болот. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.
Биринчи май району
13-май күнү саат 16:00дө райондун жашоочулары менен жолугушуу М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.
14-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот. Дареги: Т.Абдумомунов көчөсү, 197.
Ленин району
15-май күнү саат 16:00дө жолугушуу К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 24.
16-май күнү саат 16:00дө жолугушуулар Кыргыз улуттук университетинде уланат. Дареги: Фрунзе көчөсү, 547.
Октябрь району
18-май күнү саат 16:00дө райондун тургундары мэр менен «Таберик» залында жолуга алышат. Дареги: Байтик Баатыр көчөсү, 17.
19-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өтөт. Дареги: Анкара көчөсү, 1/8.