Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жапон туристтер куткарылды
Новость

Чүй облусундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында чет өлкөлүк туристтерди куткаруу операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Пик Корона» баш калкалоочу жайынан жардам сураган эки жапон жаранынын бири өзүн жаман сезип калган. Окуя болгон жерге тоо-куткаруу отрядынан 8 куткаруучу жөнөтүлүп, алар жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи туристтин абалы туруктуу экени белгиленди.

Куткаруу иштеринин жыйынтыгында эки жаран тең коопсуз түрдө тоодон түшүрүлүп, Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилди.