Президент Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Торговый" базарына барды
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды.

Мамлекет башчысына базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берилгенден кийин, ал сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты.

Белгиленгендей, бул базар 4 гектар аянтты ээлейт жана чек арага жакын аймактагы соода жайларынын бири болуп саналат. Негизги соода шаршемби күнү жүрөт — бул күнү бул жерге болжол менен 400гө жакын соодагер келет. Туруктуу негизде автоунаа жолунун боюнда 50гө жакын соода түйүндөрү иштейт.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын Баткен облусуна болгон азыркы кыска мөөнөттүү иш сапары негизинен мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышуу зарылдыгына байланыштуу болду. Өлкө башчысынын облуска болуучу кийинки сапарынын алкагында аймактын тургундары менен өзүнчө жолугушууларды өткөрүү каралган.