“Кыргыз радиосунун” 95 жылдыгына жана Эл аралык радио күнү жана байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата бүгүн таңкы саат 06:00дөн түнкү 00:00гө чейин “Биринчи радиодо” радиомарафон өтүүдө.
18 саат бою тынымсыз уланган майрамдык эфирде коомдун ар кыл тармагында эмгектенген кесипкөй инсандар бир аянтчага чогулуп, социалдык-экономикалык, саясий жана маданий темалардагы кызыктуу маектерди, талкууларды жана уктурууларды угармандарга тартуулоодо.
Мындан тышкары, “Кыргыз радиосунун” күнү белгиленип, радио тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан бир катар кызматкерлерге сыйлыктар ыйгарылды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө УТРКнын курамында үч радио иш алып барат. Алар: “Кыргыз радиосу”, “Биринчи радио” жана “Миң Кыял FM” радиосу.














