Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган «Жеңиш ырлары» автожүрүшү өттү
Новость

2026-жылдын 7-майында Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы 1941–1945-жылдардагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган «Жеңиш ырлары» аттуу ураан алдында автожүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Жеңиш мемориалына гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскеришти. Ошондой эле согуш жылдарындагы ырлар жаңырып, элдин кайраттуулугу, биримдиги жана баатырдыгы даңазаланды.

Автоколонна төмөнкү багыт боюнча жүрүш жасады:
 Бишкек – Байтик – «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси – Арашан айылы – 73809 аскер бөлүгү («Ала-Тоо» полигону) – Беш-Күңгөй айылы – Бишкек.

Автожүрүштүн негизги максаты — тарыхый эстутумду сактоо, жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүү болду.

Аталган иш-чараны камсыздоо максатында Коргоо министрлиги тарабынан транспорт каражаттары бөлүнүп, автоколоннаны коштоо жана иш-чараны координациялоо уюштурулду.