Чүй облусундагы орто кылымга таандык Ак-Бешим (Суяб) шаарчасы аймагында жүргүзүлгөн археологиялык казуулар учурунда VII–VIII кылымдарга таандык, болжол менен будда динине тиешелүү храм комплексинин калдыктары табылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-япон археологиялык экспедициясы изилдөө иштерин май айынын башынан бери Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүп жатат. Казуу иштеринин жүрүшүндө окумуштуулар күйгөн кыштан курулган тепкичтерди, пандустарды жана платформаларды аныкташкан.
Адистердин айтымында, бул архитектуралык элементтер Тан доорундагы храм курулуштарына мүнөздүү. Табылга белгилүү археолог Алексей Бернштамдын 1940-жылдардын аягында аталган аймакта будда храм комплекси болгон деген божомолун ырастап берди.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, Суяб шаары VI–XI кылымдарда Батыш Түрк каганатынын борбору болгон. Ал эми 2025–2026-жылдардагы казуу иштери Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири саналган байыркы Суябдагы будда маданиятынын жайылышы боюнча жаңы илимий маалыматтарды берди.
Экспедиция 2012-жылдан бери үзгүлтүксүз иш алып барууда. Кыргыз тараптан Улуттук илимдер академиясынын профессору Бакыт Аманбаева, ал эми япон тараптан Тэйкё университетинин профессору Казуя Ямаучи жетекчилик кылууда.
Учурда жер тилкесин тарыхый-маданий багыттагы категорияга кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Маселе оң чечилсе, келечекте ачык асман алдындагы музей түзүү пландалууда.
Белгилей кетсек, Ак-Бешим (Суяб) шаарчасы 2014-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине “Жибек жолу: Чанъань – Теңир-Тоо коридорунун маршруттар тармагы” аттуу трансулуттук номинациянын алкагында киргизилген.

