Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Новость

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.

“9-май - ыйык күнү биз согуш талаасынан кайтып келбегендердин элесине таазим кылабыз, эркиндигибизди коргоп калган баатырларга, фронттогу ата-бабаларыбыздын эрдиги менен каармандыгына жана алардын тылдагы жан аябас эмгегине урмат көрсөтөбүз.

Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы жеңиштин бекем духу мындан ары да өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук, өз ара урмат-сый жана ишеним нугундагы кызматташтык мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө жана чыңдоого бекем негиз катары кызмат кыла берет деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.