Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиш майрамы Талас облусунда салтанаттуу белгиленүүдө. Жеңиш күнү алгач Талас шаарындагы Баатырлар паркындагы жеңиш аянтчасына гүл чамбарларды коюу менен башталды.
Ошондой эле, Улуу Жеңиш майрамына арналган концерттик программа Талас шаарынын борбордук аянтында уюштурулду. Жеңиш күнү менен Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев куттуктап, мекенибизге тынчтыкты каалады.

