Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш майрамы менен куттуктады
Новость

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.

“Жеңиш күнү - тынчтыкты, ак ниеттикти жана гуманизмди чагылдырган жаркын майрам. Бул күнү биз эркиндик жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн фронтто салгылашкан жана оорукта эмгектенген баатырларыбызды терең урматтоо менен эскеребиз.

Алардын эрдиги тууралуу элес өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо бекем негиз болуп кала берет деп ишенем.

Сизге чың ден соолук, бакыт жана түгөнгүс күч-кубат, ал эми өлкөңүздүн достук мамиледеги элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.