Улуу Жеңиш күнүнө арналган эскерүү иш-чара алкагында архив кызматкерлери, музей кызматкерлери жана Нарын шаардык китепканасы тарабынан атайын сүрөт көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөдө Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгынын фондунда сакталган Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жазылган каттар, жоокерлердин сүрөттөрү, Нарын облусунан Кызыл армияга жөнөтүлгөн жардамдар тууралуу маалыматтардын түп нускасы коюлган. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан, Воронеж жана 1-Украин фронтторунда салгылашкан Анварбек Чортековдун сүрөттөрү орун алган.


Мындан тышкары Нарын шаардык китепканасы “Баатырлардын жолу бизге үлгү” деп аталган көргөзмө алып чыгышты. Анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы материалдар, согуш ардагерлеринин сүрөттөрү жана китептер коюлган.
