Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата эскерүү митинги Ат-Башы айылындагы аянтта өттү. Ага облустагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сатынды Жапаров катышып, аскердик жана жарандык парадка күбө болду.
Жеңиштин урматына арналган иш-чарага дубан башчы Нурбек Сатаров баштаган район эли жана мекеме ишкана жетекчилери да катышты. Ага келгендер Жеңиш алып келген аталардын эрдигине таазим этип, эл жерди коргоодо курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулуп, эстелик алдына гүлчамбар коюлду.
Н.Сатаров ачык асман, бейпил жашоо тартуулаган ардагер Сатынды Жапаровго ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бакубат жашоо тилек кылды. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун атынан 200 миң сомдук бир жолку материалдык жардамды тапшырды.
Сатынды Жапаров 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. 18 жаш курагында 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Алма-Ата шаарында №32-Аткычтар дивизиясында кызмат өтөп, согуш мезгилинде Ленинград шаарын бошотууга катышкан.
Ал 1945-жылы согуштан жаракат алып, аскердик госпиталда дарыланып, ошол эле жылы октябрь айында Ак-Муз айылына келип, чарбачылык иштерде иштеген. 1948-жылы Фрунзедеги эт, сүттү кайра иштетүү боюнча окуу жайына кирип, аны 1949-жылы ийгиликтүү аяктап, 1949-жылдан 1989-жылга чейин Ат-Башы районунда сүт кабыл алуу заводунда мастер болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.