Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү.
Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты.
Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк от" мемориалына чейин жөө жүрүш жасашты.
Жүрүштүн соңунда "Түбөлүк от" мемориалына гүл коюу аземи өткөрүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары үчүн салттуу жоокер боткосу сунушталып, майрамдык концерт уюштурулду.






