Бишкек шаарынын мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады
Новость

Жеңиш күнүнүн урматына мэр Айбек Джунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Михаил Николаевич Сухинин менен Николай Кузьмич Мироненкого барып, майрамы менен куттуктады.

Мэр ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан куттуктоолорду жана азык-түлүк себеттерин тапшырды.

"Бүгүн сиздерди ушул улуу майрам менен куттуктаганыбыз биз үчүн чоң сыймык. Жеңишиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана сиздер менен сыймыктанабыз", - деди Айбек Джунушалиев.

Ардагерлер өз кезегинде  камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти.

"Тынчтык жана жеңиш  оңой келген болгон. Ардагерлерди сыйлап, аларга кам көргөнүңүздөр үчүн рахмат. Бул биздин эсибизде түбөлүккө калат. Баарыңыздарга чың ден соолук каалайм", - деди М. Сухинин.

Николай Мироненко 1944-жылы армияга чакырылып, согуштан кийин 1951-жылга чейин кызмат өтөгөн. Кийинчерээк ал Айыл чарба институтун бүтүрүп, автомобиль өнөр жайында иштеген.

Михаил Сухинин 1944-жылы армияга чакырылып, запастагы аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Демобилизациядан кийин В. И. Ленин атындагы заводдо иштеп, Политехникалык институтту аяктаган. "Германияны жеңгендиги үчүн" медалы жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.