Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев аймак тургундары менен жолугушууларды өткөрөт.
Маалыматка ылайык, жолугушуулар 12-майдан баштап Талас облусундагы бардык айыл өкмөттөрүндө уюштурулат. Анда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү, сунуш-пикирлери угулуп, аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланат.
