Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев 11-майдан тарта облус аймагындагы тургундар менен жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушуулардын негизги максаты - жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуу, сунуш-пикирлерин кабыл алуу жана аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди жеринде талкуулоо болуп саналат. Ошондой эле социалдык инфраструктура, жол, таза суу, электр энергиясы, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча жарандардын кайрылууларына көңүл бурулат.
Төмөндө жолугушуулардын графиги менен тааныша аласыздар.
