Бишкек: Ысык суу бериле баштады
Новость

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы 9-майдан тартып борбор калаада ысык суу этап-этабы менен бериле баштаганын билдирди.

Ишкана ысык сууну туташтыруу татаал технологиялык процесс экенин белгилеп, ал 3-4 күндүн ичинде жүргүзүлөрүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, алгач ысык суу социалдык объектилерге - ооруканаларга, мектептерге жана бала бакчаларга берилет. Андан кийин турак жайлар туташтырыла баштайт.

Ишкана системаны жөнгө салуу иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн экенин, бул убакыт аралыгында суунун температурасы менен басымында өзгөрүүлөр болушу ыктымал экенин кошумчалады.