Кечээ, 10-майда Кыргызстандан ажылык сапарга бара жаткан зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан Медина шаарына учуп кетти.
Ажыларды узатуу иш-чарасына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров, КМДБ өкүлдөрү, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү, ошондой эле дин кызматкерлери катышты.
КМДБ жетекчиси ажыларды тартипти сактоого, убакытты туура пайдаланууга жана ажы башчылардын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырды.
Маалыматка ылайык, алгачкы рейс менен 180 зыяратчы жөнөп кетти.





