Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти кызматына шайланды. Чечим уюмдун кезексиз конгрессинин жүрүшүндө бир добуштан кабыл алынды.
Министрлер Кабинетинин башчысы конгресстин делегаттарынын алдында сүйлөп жатып, анын талапкерлигин көрсөткөн футбол уюмдарына ыраазычылык билдирип, көрсөтүлгөн ишенимдин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Футбол мага мектеп жана студенттик күндөрдөн бери тааныш, бул спорттун түрү менин жашоомдо ар дайым маанилүү орунду ээлеп келген. КФСтин президенти болуп шайлануу – бул чоң жоопкерчилик. Мен ата мекендик футболду өнүктүрүү, инфраструктураны чыңдоо жана биздин оюнчулар менен күйөрмандар үчүн шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм", — деп билдирди Адылбек Касымалиев.
Кезексиз конгресс аяктагандан кийин, дароо Адылбек Касымалиев уюмдун жаңы жетекчиси катары Кыргыз футбол союзунун Аткаруу комитетинин жыйынына катышты. Аткаруу комитетинин жыйынында союздун биринчи кезектеги милдеттери, оперативдүү ишмердүүлүк маселелери жана футболду популяризациялоого багытталган масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланды.



