Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нургожоевичтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунааларды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы өтөт.
Иш-чара Министрлер Кабинетинин төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Касымалиев Адылбек Алешовичтин, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын катышуусунда Т. Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) 2026-жылдын 13-майында болот.
Билим берүү уюмдарынын автоунаа паркы узак убакыт бою системалуу түрдө жаңыланган эмес. Автоунаалардын берилиши Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, мекемелерин жана уюмдарын заманбап, үнөмдүү жана ишенимдүү автотранспорт каражаттары менен камсыз кылууга, аларга жүктөлгөн функцияларды натыйжалуу аткарууну олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми аркылуу 91 даана LTZ комплектациясындагы "Chevrolet Tracker" үлгүсүндөгү автотранспортту сатып алуу каралган.
"Chevrolet Tracker" үлгүсүндөгү автоунаалар ата мекендик "ДТ Техник" ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн.