Мас абалда кырсыкка себеп болгон айдоочуларга ырайым болбойт
Новость

Кыргызстанда мас абалда оор жол кырсыгын жасаган айдоочуларга жоопкерчиликти катаалдаштыруу сунушталды. 

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, адам өлүмүнө же оор жаракатка алып келген кырсыкка себеп болгон айдоочулар амнистиядан жана мөөнөтүнөн мурда шартуу бошотуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, акыркы 5 жылда мас абалда унаа башкарган 73 миңден ашык айдоочу жоопко тартылып, мындай кырсыктарда жүздөгөн адамдар каза болгон.

Демилгечилер бул өзгөрүү жол коопсуздугун жогорулатууга жардам берет деп эсептешет.