Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Учурда аталган тилкеде жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Эски асфальт катмарын сыйруу иштери толугу менен аяктап, азыркы тапта жолдун негизин даярдоо үчүн шагыл төшөө жана тегиздөө жумуштары кызуу жүрүп жатат.
Жакын арада жаңы асфальт бетон катмарын төшөө пландалууда.
Жол тилкеси тоолуу аймакта болгондуктан, туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын жумуштун жүрүшүн убактылуу кечеңдетүүдө.
