Ошто жол жана социалдык объектилердин курулушу күч алды
Новость

Ош шаарында дагы бир көчөнүн курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу аймагындагы Т. Жумабаев көчөсү жаңыланып, Имам-Ата жана 101-көчөлөрүн бириктирет. Долбоордун алкагында жол этап-этабы менен улантылып курулары белгиленди.

Ошондой эле быйыл Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында 2 мектеп, 1 сейил бак жана бир нече спорт аянтчаларын куруу пландалууда.

Эске салсак, 2026-жылы Ош шаарына Президенттин турукташтыруу фондунан 1,2 млрд сом бөлүнгөн.