Шайлоо эрежелери өзгөрүшү мүмкүн: Парламентке жаңы өзгөртүүлөр келип түштү
Новость

Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Анда талапкерлерге коюлган талаптарды күчөтүү жана шайлоо процессин санариптештирүү каралган.

Жаңы сунуштарга ылайык, талапкерлер шайлоого катышуу ниетин билдирүүдөн мурда шайлоо фондун түзүп, күрөө төлөшү керек болот. Документтер толук болбосо, арыз кабыл алынбайт.

Ошондой эле талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо электрондук форматка өтүп, санарип кол тамга аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, үгүтчүлөрдүн саны кыскартылып, ар бир шайлоо участогунда үчтөн ашпаган адамга гана уруксат берилет.

Демилгечилер бул өзгөрүүлөр шайлоо процессин тартипке салып, ачык-айкындуулукту жогорулатат деп эсептешет.