Эмгек министрлиги 300дөн ашуун бош жумуш орду бар тигүү фабрикасынын иши менен таанышты
Новость

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек  Досматов  Бишкек шаарында жайгашкан Jasmir Brand фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

2024-жылдын май айында негизделген фабрика бүгүнкү күндө Кыргызстандагы өнүгүп келе жаткан ири тигүү өндүрүштөрүнүн бири болуп саналат. Ишкананын негизги максаты - жергиликтүү жарандарды жумуш менен камсыз кылуу, жаштарды кесипке үйрөтүү жана кыргыз өндүрүшүн эл аралык деңгээлге чыгаруу.

Учурда фабрикада жергиликтүү жарандар эмгектенип, сапаттуу кийимдерди тигип, Орусия рыногуна экспорттоп эле тим болбостон “Кыргызстанда жасалган” бренди алдындагы продукциялар онлайн платформалары аркылуу да сатылууда.

Фабрикада кызматкерлер үчүн заманбап эмгек шарттары түзүлгөн. Алар бекер жатакана жана түшкү тамак менен камсыз болушат. Өндүрүштө конвейердик система колдонулуп, бул өз кезегинде иштин ылдамдыгын жана продукциянын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

Ошондой эле ишканада билим берүү тармагына дуалдык окутуу системасы киргизилген. Эл аралык инновациялык технологиялар университети жана колледж менен биргеликте 100дөн ашуун студентке акысыз теориялык жана практикалык билим берилүүдө. Студенттер окуу менен катар реалдуу өндүрүштө тажрыйба топтоп, келечектеги квалификациялуу адис болуп чыгууга мүмкүнчүлүк алышууда.

Фабриканын жетекчиси Жасур Парпиев учурда төрт цехке 300дөн ашуун тигүүчү талап кылынарын билдирди. Анын айтымында, кызматкерлер үчүн жатакана, тамак-аш жана алыскы аймактардан келип иштегендерге жол кире чыгымдарын кароо мүмкүнчүлүгү да каралган. 

Министрдин орун басары Камчыбек Досматов жергиликтүү калкты , жаштарды жумуш менен камсыз кылган ишканаларды колдоо мамлекеттин бирден бир максаттарынын бири экендигин белгиледи.