КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү жазуучу, акын, адабий сынчы жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 90 жылдык мааракесине арналган “Аппак өрүк” аттуу адабий-музыкалык эскерүү кечеси өтөт.
Улуттук адабият менен руханий дүйнөгө терең из калтырган залкар инсандын өмүрү менен чыгармачылыгын даңазалаган кече 2026-жылдын 15-майында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында болот. Иш-чара саат 15:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Камбаралы Бобулов 1936-жылы 15-майда Ош облусунун Ноокат районундагы Өсөр айылында туулган. Ал кыргыз адабиятына, поэзиясына жана адабий сынына зор салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири болгон. Жазуучу, акын жана коомдук ишмер катары улуттук маданияттын өнүгүшүнө эмгек сиңирген. Камбаралы Бобулов 2003-жылы 25-январда дүйнөдөн кайткан.