“Ачык кабинет”: Адылбек Касымалиев Бишкектеги бир катар жолдордун, көпүрөлөрдүн, жана Чүйдөгү ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты
Новость

Бүгүн, 13-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет” медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жолдордун жана көпүрөлөрдүн, ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы түндүк айланма жолунунун курулушунан кабар алды. 

Иштин жүрүшү тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилери маалымат беришти. 

Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Бул айланма жолун куруу ишине жалпы 150гө жакын атайын техника тартылып, 500дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, борбор калаанын айланасындагы унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жолдогу унаа тыгындарын азайтууга багытталган ири долбоорлордун бири, учурда куруу жана реконструкциялоо иштери активдүү уланууда.

Андан соң МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Ч. Валиханов көчөсүндө Бишкек жылуулук электр борборунун техникалык каналдары аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн курулушу, ошондой эле бир катар жолдордун реконструкциялоо жана кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Маселен, көпүрөнүн жалпы узундугу – 92 м. ал эми туурасы – 32 м. болгон объектинин курулуш иштерин бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын күз айларына карата пландалууда. 

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Кант шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун көп кабаттуу турак жайларынын курулуш иштери менен таанышты. 

Курулуш иштеринин жүрүшү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери маалымат беришти. 

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасына ылайык, Кант шаарынын аймагынан 60 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Жалпы 150 блоктон турган бул турак жай комплекси 1,2,3 бөлмөлүү 5250 батирден турат. Баардык шарты менен курулуп жаткан объектти 2027-жылы бүткөрүү пландалууда. 

Адылбек Касымалиев курулуштун жүрүшү менен таанышып чыккандан кийин, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. МинКаб Төрагасы жолдун жана объекттердин курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле ишке киргизүүдөгү мөөнөттөрүн так сактоо зарылдыгын белгиледи.