«Ачык кабинет»: Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке 100дөн ашык автоунаа тапшырды
Новость

Бүгүн, 13-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында Агартуу министрлигине жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке 100дөн ашык автомашина тапшыруу аземине катышты.

МинКаб башчысы бүгүн эки ведомствого тапшырылган техника акыркы беш жылда өлкөдө болуп жаткан маанилүү өзгөрүүлөрдүн айкын далили экенин белгиледи. 

«Бир жагынан мамлекет кыска убакыттын ичинде өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап, башкаруунун, экономиканын жана коопсуздуктун жаңы деңгээлине чыга алды. Экинчи жагынан, сатылып алынган ар бир техника элдин салыгы натыйжалуу пайдаланылып жатканын, мамлекеттик саясат өз жемишин берип жатканын, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү таптакыр башка деңгээлге чыкканын тастыктайт. Мындай иш-чаралар жөн гана кубаныч тартуулабастан, мамлекеттин күчүнүн көрүнүшү, Кыргызстандын беш жылдын ичинде масштабдуу натыйжаларга жетише аларынын далили. Эң алды менен Президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан сиздерди жаңы техниканын алынышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!», - деди ал.

Адылбек Касымалиев Президенттин жарлыгына ылайык, 1-апрелден тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин айлык акысы кыйла жогорулаганын эске салып, мамлекет жетекчилигине айтылган жакшы сөздөрдүн баарына ыраазычылык билдирди. Ал билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн жана билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча масштабдуу пландарды белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы 2021-жылдан 2025-жылга чейин 673 мектеп жаңыланганын, анын ичинен 394 мектеп курулуп, 114 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. 2026-жылга 200 социалдык объект куруу каралган, анын 50сү – мектептер. Жакынкы келечекте өлкөдө авариялык абалдагы бир дагы мектеп калбайт. 

Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы бүгүн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, кадастр, геодезия жана картография бөлүмдөрүнө 20 жаңы автоунаа берилип жатканын белгиледи. Буга чейин агенттикке кызматтык автоунаалар, GPS жана GNSS геодезиялык жабдуулары, электрондук тахеометрлер, дрондор, сервердик жана компьютердик техникалар берилген. Бир катар филиалдардын имараттары оңдолуп, жаңы жайлар курулууда. 

Министрлер кабинетинин башчысы Президенттин тапшырмасы боюнча ишке ашырылып жаткан жер амнистиясын өзгөчө белгиледи, ал өлкөдөгү эң ири реформалардын бири болуп саналат. 2018-жылы өлкөдө 1 млн 900 миңден ашык үй чарбасы болгон. Жер амнистиясы башталганга чейин 1,4 млнго жакын үй чарбасынын гана документтери болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, бул иш башталгандан бери 240 миңден ашык кайрылуу түшкөн, алардын ичинен 100 миңге жакын жаран арыздарына жооп алышкан, 75 миңден ашык адам "кызыл китеп" алышкан, 40 миңден ашык адам - техникалык паспорттор, 10 миң гектардан ашык жер мыйзамдаштырылган. 2025-жылдын маалыматы боюнча өлкөдө 3,6 миллион кыймылсыз мүлк объектиси катталган: үйлөр, батирлер, жер тилкелери.

Миңдеген үй-бүлөлөрдүн көп жылдардан бери чечилбей келген жер жана турак жай маселелери чечилди. Бул жер жана мүлк мамилелери системасы акырындык менен толугу менен укуктук талаага өтүп жатканын тастыктаган эбегейсиз зор иш. Адылбек Касымалиев ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин кызматтарын санариптештирүүнү жана өлкөнүн толук кандуу санариптик геомаалыматтык базасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.