Жети-Өгүз районунда облус башчысынын эл менен жолугушуусу уланууда
Новость

КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун жарандар менен жолугушуусу Жети-Өгүз районунда уланууда.

Жаргылчак айыл аймагынын тургундары менен суроо-жооп форматындагы жолугушуу Ак-Терек айылындагы Э. Кайып кызы атындагы маданият үйүндө өтүүдө.

Иш-чара УТРК Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясынын эфиринен түз алып көрсөтүлүүдө.